Коом

Кайнатама байбиче издейм, кайненесин кодулагандар мага бергилечи апаңарды

Кайната, кайнене бизди үйлөнгөндө эле бөлүп ийишкен. Бирок майрамда же дем алыш күндөрү күйөөм экөөбүз сөзсүз барып, бир күндү болсо да чогуу өткөрүп турчубуз. Кайненем болсо чогуу жашаганда казан-аяк талашып пикирибиз келишпей калат андан көрө чакырганда келип тур деп койчу. Кийин балалуу болгонубузда мени ишке чыгарып ийип улуу кызымды кайненем карап журдү. Бирок кечинде сөзсүз көтөруп келип берип коет. Же телефон чалып алып кет дейт .  Кээде жумуштан чарчаган кезде бир күн алып калса эмне болот эле деп калчумун. Көрсө кайненем балдары өздөрү менен болсун, ата, эне мээримин алсын дечү экен. Өткөн жылы апам коронавирустан улам каза болуп калды. Биздин тийип турган күнүбүз өчүп калгандай болду. Үйүбүздү бекитип коюп кайната менен чогуу жашай баштадык. Кайнатам адамга  зыяны жок жакшы адам. Бирок жаш баладай болуп мен чай ичиңиз деп чакырмайын сыртта отура берет. Кээде күн суукта да жука кийим менен жүрө берет. Жылуу кийиниз десем булганып калбасын убара болосүн дейт. Мен кайнатамды аяп, ал менден тартынып жүдөп кеттик. Балким байбиче болсо чогуу чай ичип божурашат беле деген ой да келип кетет. Кээ бир келиндер кайненесин батырбай жүрүшөт. Мен кайнене издеп жүрөм. Мага эч нерсесинин кереги жок, кайнатамдын көңүлун алып, аны менен чогуу божурашып отурса эле болду. Оокат да талашпайм. Кааласа оокатын деле кылып берип турам. Эркек адамдын аялы жок калганы жаман экен.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *