Шаарда үч бөлмөлүү батирде жашайбыз. Кайнанам жакшы жерде иштейт, кайненем мугалим. Аябай түз жүргөн адептүү аял. Бул үйгө келин болуп келгени мен кайненемден көп нерсени үйрөндүм. Үч уулумду тен кайненем тарбиялап бала бакчадан мектепке чейин алып барды. Ууллдарым да адептүү өсуп жатат. Ушундай кайненелүү болбогуна Кудайга мин мертебе ыраазы болуп кетем. Кайнатам менен көп деле сүйлөшө бербейм сүрдүү адам. Бул үйдө он беш жыл кызмат кылсам да кайнатам астыман чыкканда сурдөгөндөн колум калтырап кетет.  Бир ай мурун астыбызда жашагаг кошунанын аялы менен унаадан чогуу түшкөнун көруп бирок жолдон көруп калып ала келгендир деп койгом. Өткөндө кечке маал балдарыд издеп чыгып үйдүн далдоо жеринде токтоп турган кайнатанын унаасын көрүп калдым. Балдар ичинде  болсо керек деп ойлоп бара жатсам унаанын ачык терезесинен кошуна келин менен кайнатамдын өбүшуп жатканын көрдүм. Ошондойн бери кунөө кылгансып кайненемди тике карай албай жүрөм. Кайнатамдын кошуна келин менен мамилесин билип калса бактылуу жашообуздун аягына жетчудөй боло берчүдөй сезилип жатат.