Кайнатам эжемди экинчи аялым бол деп жанын койбой…

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

— Саламатсыздарбы! Учурда өтө оор абалда турам, кеп-кеңеш берүүңүздөрдү өтүнөм. Бардар үй-бүлөнүн келинимин. Кайненем менен кайнатам экөө тең чоң кызматтарда иштеп, кийин бизнеске өтүп кеткен адамдар. Турмушка чыкканыма беш жыл болду. Жолдошумдун үй-бүлөсү жакшы кабыл алгандыктан, тез көнүп, кайын-журтум менен бат эле жуурулушуп кеттим. Өзгөчө кайнатамды өз атамдай жакшы көрүп, аябай сыйлачумун. Жолдошум үйдүн кичүү уулу болгондуктан, кайнене, кайнатам менен чогуу жашайбыз. Бир нече ай мурда үйүбүзгө менден эки жаш улуу бир тууган эжем келди. Жүрөгү ооруп, дарыгерлер Бишкекке жиберишиптир. Өзүбүздүн айылдагы ата-энеси жок классташына турмушка чыккандыктан, турмушу өтө жупуну, шаарда тууган-уругу деле жок эле. Андыктан бир нече күн биздин үйдө жүрүп, кийин ооруканага жатты. Жүрөгүнө операция жасаткандан кийин дагы жездем алып кеткиче биздин үйдө туруп турсун дегенбиз. Баса, операциясына, дары-дармегине көп акча кеткендиктен, кайнатам бизден жардам болсун деп 50 миң сом берген. Мен ошондо ага чын дилимден ыраазы болуп, аябай сүйүнгөм. Көрсө мындай марттыктын төркүнү башка жакта жатыптыр. 50 жаштан өткөн кайнатамдын 27 жаштагы эжеме көзү түшүп калыптыр. Бир күнү биз үйдө жок кезде эжем жаткан бөлмөгө кирип келип кадимкидей эле ага асылыптыр. «Сен мага экинчи аял бол, эч нерседен кем кылбай багып алам, Бишкектен батир, машина сатып берем» дептир. Эжем «Куда, бул кылганыңыз туура эмес. Андай эч качан болбойт» деп бөлмөсүнөн араң чыгарыптыр. Ошол күнү эжем «айылга тез арада кетиш керек болуп жатат, шашылыш иштер чыгып калды» деп кетип калды. Көрсө, ошондо эч нерсесин мага айтпай эле качып кеткен экен. Андан кийин кайнатам аны издеп айылга барыптыр. Үйүндө жолдошу жок кезде кирип, дагы баягыдай аракеттерди кылып, аз эле жерден күч колдонуп зордуктап коё жаздаптыр. Эжем андан араңдан-зорго кутулуп, үйдөн кууп чыгыптыр. Бирок анысын эч кимге айтпайт. Кудам ушинтип жатат деп же тууган-урукка, же жолдошуна билдире албай, же милицияга арыз жаза албай бир топ кыйналыптыр. Менин билгениме аз эле болду. Азыр кайнатам эч нерсе болбогондой жүрөт, бирок дагы деле жанын койбой WhatsApp аркылуу жазып жатыптыр. Мен муну укканда эмне кыларымды билбей, өлүп кала жаздадым. Эжем бул сөз оозуңдан чыкпасын деген үчүн гана унчукпай жүрөм. Бирок кайнатамды көргөн сайын кыжырым кайнайт. Жолдошума же кайненеме айтсамбы деген ой кетет. Анда үйдө баарыбыздын мамилебиз бузулуп, үй-бүлөбүзгө доо кетеби деп корком. Ал эми кайнатам менен сүйлөшүүгө эрким жетпейт. Эмне кылышым керек, жан дүйнөм такыр жай ала албай турат. Булак: Спутник

Аргумент.kg