Кайнатам чет мамлекетте, кайненемдин бул жакта ойноштору бар.

Кайнатам чет мамлекетте, кайненемдин бул жакта ойноштору бар.

26-бугу, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева

Саламатсызбы меникинда чыгарып бересизби атымды айтпайле койоюн. Соз башынан болсун мен кичиненмде ата-энем ажырашкан тайнемдин колунда өстүм. Отту менен кирип күлү менен чыгып жүрдүм, кышында тайкем мас болуп келип бар жогол деп түнкү 12 де сиңдим экөөбүздү эшике чыгарып салчу. Мамам күйөөгө чыгып кеткен, атам аяал алган. Турмушка чыксам баары өзгөрөт деп ойлочумун эчким узатбады атам келбедеди. Атамдын үйүнөн иниси зордуктап салган атам мага ишенбей койду ага ишенди келбе деди. Бишкеке келдим иштедим тай эжемдикине жашачумун ал күйөөсүн менден кызгана баштады. Жездемда мага мен сени зордуктап салсам эмне кыласын деп суроо берди мен шок болдум мен атамдыкынан зордукталгагымды эчким билчү эмес болгону мамам билчу. Ошол убакта бир бала менен сүйлөшчүмүн ал баарын билет эле апасы менен тааныштырды апасына жакпаптырмын бою кичинекей экен сага тең эмес деп. Бир жарым жыл чайналып сүйлөшүп жүрдүк анан апасы макул болду бирок үйлөндүк. Андан кийнки жашоом такыр бөлөкчө ыйладым апасы ушунча эки жүздүү экен балдарын уруштура берет. Кайнатам чет жактада апам биякта ойношторуда бар экен. Аны менин күйөөм эле билет башкаларын айтса ишенбейт апам аларды бизге тукуруп. Эми мени жаман көргөзүп атат биздин үйлөнгөнүбүзгө бир жыл болду, Бир жылдын ичине көрбөгөн кордукту көрдүм боюман да түштү Күйөөм экөөбүз сүйүүбүз күчтүү эле бири-бирибизди сыйлайбыз мен ага тирек болгум келет ал мага Ата ордунаАта болду эне ордуна эне болду. Мен чыдайм күйөөм үчүн аны жалгыз калтырбайм буюрса балалууда болобуз. Мен сурайын дегеним апама кандай чара колдонсок болот? Же үйдөн кетип калалыбы?