Коом

Кайнатам битимди сыгып канымды жалай баштады

Мен 25 жаштамын. Турмушка чыкканыма алты айдын жүзү болду. Өзүм Бишкектеги мектептердин биринде мугалим болуп иштейм. Учурда боюмда бар. Жолдошум экөөбүз сүйлөшүп жүрүп үйлөнгөнбүз. Өзү шаардык бала. Кайненем он жыл мурда эле каза болуп калыптыр. Бирок эмнегедир ошондон бери кайнатам үйлөнгөн эмес. Башында чынында жолдошумдун шаарда үйү бар экенин угуп сүйүнгөм. Анткени батирлеп көчүп жүрүү кимге жаксын? Азыр, тескерисинче, жумуштан кийин үйгө баргым келбейт. Себеби кайненеден ашкан майдачыл кайнатам бар. Атабыз ушунчалык таза, кырс, эзме адам. Адамды сөз менен эле мээсин жеп, ыйлатып салат. Анда-санда болсо бир жөн, күндө кылган ишиңден кынтык табат. Ал аз келгенсип күйөөм келсе аны да өзүнчө чакырып алып, бир нерселерди айтып даттанат. Бир жакка кетсе аябай сүйүнүп, үйдө кенен басып калам.

Эми робот болбогондон кийин кээде идиштер чачылып калат же жумуштан чарчап келгенде бир аз эс алып жүргүң келет да. Жок, бизде күнүнө үйдү кырып-жышып жууп, аскерде жүргөндөй бир из менен басып жүрүш керек. Ээн-эркин жашамай жок. Колуман бир нерсе түшүп кетсе “мынча сомго үйдү евроремонт жасагам, даярга келсе анын баркын билмек беле?” деп сүйлөнөт. Ушунчалык тажап кеттим. Туугандарыбыздын келиндеринен атабыз убагында кайненеме да ушундай мамиле кылганын угуп жаман болдум. Себеби кайненем оорудан көз жумган. Ушинтип жей берип оорукчан кылган го. Азыр мен да жукарып бара жатат окшойт. Айткан сөздөрүн кулак сыртынан кетирип, көңүлгө албоого аракет кылчумун. Азыр бул да колумдан келбей калды. Ыйлайм же кечке ойлоном, кабатырланам, ачууланам.

Минтип отурсак беш жылдан кийин оорукчан болуп каларым анык. Тажаганымдан ажырашып деле кетким келет. Бирок “чыдайын, обу жок болбоюн” деп өзүмдү алдап келем. Күйөөм да бир атасына таарынса, бир мени жаман көрүп эле ортодо кыйналды. Бөлүнөлү десек да болбойт.

Интернет булактары.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *