Коом

Кайнагамды бага берип тажадым, ага катын токтобой койду

Жолдошум эки бир тууган. Улуу кайнагам, андан кийин эле менин жолдошум. Кайната эки жыл мурун каза болуп калды. Кайненем биз менен турат. Кайнатам турган үйдү эки жыл мурун кайнагама бергенбиз. Анткени анын биринчи аялы үч баласына карабай кайнагамды үйдөн чыгарып коюптур. Кийин башкага үйлөнүп, бир жылдай жакшы жашашты. Кийин иштеп келебиз деп эки бөлмөлүү батирди сатып ийип Питерге кетип калышкан. Ал жактан деле кайнагам тез эле келди. Тапкан акчасы же аялы жок эле өзү кайтты.  Бир жылга жетпей дагы бирөө менен тааныштырып чогуу жашап калышкан. Ушуну менен бактылуу жашайт го деп ойлогонбуз, тилекке каршы алты айга жетпей чаар сумкага бир сыйра киймин салып алып кайтып келди.

Көрсө кайнагам өтө майдачыл, тамаксоо адам экен. Азыр тамак жасасам жактырбай алдындагы табакты тарсылдатып калат. Мындайда кайненем баласына болушуп, мени каарыйт.  Айтор кандай тамак жасабайын кайненеме жакпай баштады. Кээде кайнагамдын ич кийми жуулбай калса да мен күнөөлу боло берчү болдум. Буга чейин жолдошум ич киймин өзу жууп келгенге мен бирөөнуцн ич киймин жууганга көнбөптүрмүн. Улуу балам 14 чыгып калды. Кээде кайнагам байпактары менен ич кийимдерин ага берип жуудурат. Кокус чала болуп калса башка-көзгө койгулап уруп ийет. Бир жолу кайненеме баламды уруп жатат десем жумуртка беле жарылып кеткидей деп койду. Өткөөл курактагы балам кайсы күнү эмне болуп кетет деп коркчу да болдум.  Үйдө беш маал тамак жасап калдым. Азык-түлүк түгөндү десем кайненем балдарын сугалак болуп көп жейт да пенсиямды жумага жеткирбейсиңер го деп урушчу болду. Күйөөмдүн тапканы тамакка эле кетип жатат. Кыш келе жатат, аблдардын кышкы кийимдери жок. Канткенде кайнагамды өзүнчө оокат кыл деп айтабыз. олүнуп кетели десек үйдү күйөөм экөөбүз ипотекага алганбыз.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *