Коом

Кайнагам колумду сурап жатат. Эмне кылсам?

Жашоонун кызыктуу бурулуштары көп болот экен. Мындай абалда калам деп ойлогон эмесмин. Жолдошум беш жыл мурун жол кырсыгынан каза болуп, эки эркек уулум менен калгам. Жыл айланбай кайын журтум мени төркунүмө кетиришип, ошол бойдон уулдарыма бир кайрылышкан эмес. Болгону шаарда турган кайнагам балдарга деп ай сайын колунан келишинче акча которуп, кээде бирөөлөрдөн балдарга белек берип жиберчү. Ошентип эки жыл билинбей өтуп кетиптир. Өткөндө кайнагам балдарды алып кел окууга бир сыйра кийим алып берейин деп калды. Кичинекей айылда менде кайдагы акча бардым. Кайнагам бизди жалгыз тосуп алды. Абысынымды сурасам бир жарым жылдай болду кызы менен Россияга кеткен бойдон дайыны жок деди. Сөздун кыскасы кайнагам ден соолугуна байланыштуу балалуу боло албасынан улам кызын эч кимге билдирбей багып алганын айтып калды. Акырында инисинен калган эки уулга ата болуп ушуларды тарбияласам дедим эле деп ичиндегисин айтып калды.  Айтор эмне дээримди билбей калдым. Кайнагам бизди кайра айылга узатып балдарымды толук камсыздап берди. Мага болсо жакшылап ойлон эки балага да ата керек, сага жардам берип караан болгон эркек адам керек деди. Эми эмне дээримди билбей башым катып турат. Баш тартсам балдарыма ал карагандай эч ким каралашпасын билем, бирок маркум күйөөмдүн арбагын да сыйлайм кантип анын бир тууганына тийип алам?

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *