Кайнагам колумду сурап… Эл эмне дейт?- деп отуруп, жакшы күйөөдөн куру калбаймынбы?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Мен эки балам менен ажырашып кеткениме беш жылдан ашты. Балдардын атасы Россияга иштеп кетип, ошол жактан келбей жүрүп ажыраштык. Азыр башка аял алып алды дешти. Кайын журтум менен деле таптакыр катышпайм. Жаздан бери кызыктай окуяга кабылдым. Күйөөмдүн бир тууганы тактап айтканда улуу агасы кыштан бери анда-санда келип балдарга каралашып жүрчү. Балдарыма ар кандай белектерди сатып берип, эркелетип кетчү. Жумуштан келсем алардын маанайы жакшы болуп калганын көрүп жөн койчумун. Өзү ээр чаап, жылкы кармап, жер иштетет, дыйканчылык кылат. Сокулукта турат. Сүрөттү жакшы тартат. Анан жазында келип «жеңең менен ажыраштым, эки кыздан башка төрөбөй койду, эркек баласы жок өтмөк белем, кыздар чоңоюп күйөөгө кетет» деп менин колумду сурады. Шок болдум. Анын айтымында эркек балдарга ата керек экен жана дагы уулдуу болгусу келет имиш, «башкадан көрө тууганбыз»,- дейт. Апама, сиңдилериме айтсам «эл эмне дейт кокуй алат, кой эле кой!»,- деп ачууланып жатышат. Ошондон бери телефон номеримди өзгөртүп, башка квартирга көчүп жашырынган жашоодо жүрөм.Чоочун бир эркектин төбөсү көрүнсө ошол киши эмеспи деп жүрөгүм оозума кептелип калат. Бир четинен ойлосом андай оокатка бүйрө, ичпеген, чекпеген, балдарга күйүмдүү кишини кездештириш кыйын.Салт жагын ойлосом дегеле ойго келбеген окуя болууда. Эл эмне дейт деп жатып жакшы күйөөдөн куру каламбы деп бир чети ойлоном. Кандай кылсам болот кеңеш бериңиздерчи?

Аргумент.kg