Коом

Кайнагам абысынымдын кыркынан кийин анын курбусуна үйлөнүп алды

Жолдошум эки уул бир туугандын экинчиси. Кайненем менен чогуу турабыз. Кайнагам болсо бизден эки үй ары турат. Эки кызы бар. Абысыным карантин учурунда катуу ооруп айыккан. Бирок ден соолугу жакшырып кетпеди. Бир жарым жылдан бери тынбай ооруканага жатып калган. Кыздары менин колумда болду. Байкуш абысыным күн-түн иштеп, үйунө болгон оокатты киргизип, эркек таппаганды тапкан аял болучу. Үйдө отурасын деп мага да бир нерселерди ала келип калар эле. Жарым жыл мурун жакшынакай эле ооруканага жатып жатам деп биз менен коштошуп кечинде байланышам деп кеткен. Түштөн кийин кан басымы көтөрүлүп кетип каза болуп калды деп угузушту. Кайненем кайра кайра жыгылып аябай жаман болдук. Бир тууганымдай көруп калдым эле ичимден майышып кала бердим. Абысынымды жайына узаттык. Кыздар бирде үйундө бирде биздин үйдө болуп жүрушкөн. Абысынымдын жакшы катышкан курбусу келип кетип жүргөн. Кыркына жакындаганда үйүнөн чыкпай калды. Шылтоосу кыздарга каралашып жатам дегени. Болбосо кыздар мени менен жашайт, кечинде гана барып үйунө жатышат. Кыркынан кийин кайнагам баарыбызды отургузуп алып, үйлөнө турганын айтты. «Кыздарыма кыйын болуп кетти, үйлөнүп өз жашоомду улайын»-деди. Баарыбыз жаман болдук. Ошентин жылдыгына жетпей аял алып алды. Кыздар болсо ал үйгө тура албай биз менен чогуу жашап жатат. Байкуш абысыным сууктун күнүнө карабай жыйнаган байлыгын курбусу ээлеп кала берди. Көрсө кайнагамды жогору сүйрөп, адам кылып турган абысыным экен. Эртен мен бир нерсе болсом менин күйөөм деле ушинтип башканы алып алат экен да деп көп ойлоно берчу болдум.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *