Кайненем мага кол көтөргөнү үчүн сотко берсем болобу?

Кайненем мага кол көтөргөнү үчүн сотко берсем болобу?

23-үчтүн айы, 2023-ж // Без рубрики // Айпери Осмоналиева

Саламатсызбы  .Чыгарып бериңизчи аноним кылып.Кайнене келинге кол көтөргөнү туурабы сотко берсе болобу.Мен турмуш курганыма 2жыл болду 1кызым бар .Мендеги көйгөй кайненем .Ал өтө эле киришчээк ар бир кылган нерсеме киришет , күйөөм апасынын тилинен чыкпайт .Негизи бөлүнчү бала күйөөм бир туугандардын эң улуусу бирок кайненемдин үйүндө туравыз .Күйөөмдөн кичүү кайним бар 92-жылкы ал быйыл үйлөнүп сразу аялын алып Москвага кетти а биз кайненем ди карап олтурабыз .Күйөөмо иштейли кетели уй салалы десем ,сразу апамды карагын келбей калдыбы деп урушат, анан кайненеме ар бир сөздү жеткирип турат .Экөөбүздүн личный сөздөрдү да апасына жеткирет.Негизги сурайын дегеним кайнене келинге кол көтөрсө сотко берип койсом болобу .Кайненем мага 2-жолу кол көтөрдү .Ишенбешиниздер мүмкүн .Бирок Аллах көрүп турат.
Ал уруш негизи күйөөм экөөбүздөн чыкты.Катуу урушуштук күйөөм экөөбүз жадакалса ажырашып кеткенге чейин бардык анан мен болду кетем деп кызымды алып чыгып баратсам кайненем ачуу үстүндө колумдан кызымды алды эле кызым катуу чочуп кетип чыңырып ыйлады ал болгону 5айлык кичинекей кыз чочуп калды .Анан мен кызымды кайненемден
алайын деп жатсам ал мени таварсыгыма тээп башыма катуу чапты анан мен кыйкырганда күйөөм ичкериде болчу чуркап чыкты.Уже кайненем кайнсиндимди чакырып койгон экен ал келип калды.Анан мени кетирбей алып калды кайнсиндим .Ошо кайненемдин ошол кылганын жогору жака кайрылып сотко берсем болобу , бул биринчиси эмес тийгенинен кийин 8айдан кийин да ушундай уруш болуп анда буту менен чалып тапчанга бешенем менен түшкөм анда да эч кимге айтпагам .Уже кыйналып кеттим жолдошум да анын сөзүн сүйлөйт поддержка жок .Кеңеш  күтөм