Саясат

Кафе, ресторандарда той өткөрүп куран окуткандар жазаланат

Кафе, ресторандарда той өткөрүп, ар кандай мааракелерди уюштургандарга  жаза күчөтүлөт. Мындай катуу тапшырманы премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.
Ошондой эле өкмөт башчы эксперттердин божомолуна таянып, коронавирус инфекциясынын экинчи толкуну 2020-жылдын ноябрь айында болушу мүмкүндүгүн айтты.
«Эл ден соолугуна көңүл кош караса, сентябрь айынын аягында массалык түрдө ооруп калышы ыктымал. Бул коомдук транспортто санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталбашы, кафе жана ресторандарда элдин көп баруусуна байланыштуу. Жарандар куран окутуп, ар кандай салтанаттарды өткөрүп жатышат. Кафе-ресторандардын кожоюндары 3000 сом айыппул төлөп коюп,  буйрутиаларды бейкапар эле кабыл алууда. Ресторан бизнеси жапа чегип жатканы түшүнүктүү, бирок биз COVID-19 менен калктын кайрадан массалык түрдө оорушуна жол бербешибиз керек», — деди Кубатбек Боронов.
Кубатбек Боронов мамлекеттик кызматтарга тийиштүү көрсөтмө берип, алардын аткарылышын катуу көзөмөлгө алаарын баса белгиледи.
ARGUMENT.KG
 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *