Кадамжайдагы 14 жашар Айдайдын өлүмү: Шектүүлөр күнөөсүн моюнуна алышкан жок

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Баткен облусунун Кадамжай районунда 4-сентябрьда киши колдуу болгон 14 жаштагы кыздын өлүмү боюнча тергөө аяктады. Бул тууралуу аталган облустун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, төрт шектүүгө айып тагылды, алардын бири өспүрүм.

Материалдар Кадамжай райондук сотуна өткөрүлүп берилди. Кылмышка шектүүлөр күнөөсүн мойнуна алышкан эмес.

Ички иштер башкармалыгы соттук отурумдун күнү белгилене электигин, өлтүрүлгөн кыз жашы жете элек болгондугуна байланыштуу сот процесси жабык болорун белгиледи.

Эскерте кетсек, 4-сентябрь күнү 14 жаштагы кыздын сөөгү Кадамжайда сел өтүүчү тоннелдин ичинен колу артка жип менен байланып, муунтулган абалда табылган. Бул боюнча кылмыш иши козголуп,  кыздын өлүмүнө шектүү делип Халмион айыл аймагынын 3 тургуну кармалган. Андан кийин бул ишке шектүү катары төртүнчү адам колго түшүрүлгөн.

Аргумент.kg