Качкын Булатов, укук коргоочу: «УКМК өзүнчө хан болуп алды»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Азыр болсо, УКМК, ИИМде деле тергөө бөлүмү болуп, тергөөнүн өзү башаламан болуп кетти. Бул тууралуу Коом Press маалымат сайтына укук коргоочу Качкын Булатов билдирди. Булатовдун пикиринде, Прокуратура тергөөнү колуна алары менен аларга каршы чыга башташты.

«Айрым депутаттардын тергөөнү прокуратурадан алып таштайлы дегенинин өзү акылга сыярлык иш эмес. Анткени, прокуратура СССРдин убагында деле өтө оор кылмыштарды тергечү. Райондун калкынын санына жараша ар бир райондо тергөөчүлөр болчу. Чоң райондордо көбүрөөк, чакан райондордо азыраак тергөөчү болчу. Тергөөчүлөр зордуктоо, киши өлтүрүүлөр болгондо тергечү.

Азыр болсо, УКМК, ИИМде деле тергөө бөлүмү болуп, тергөөнүн өзү башаламан болуп кетти. УКМК өзүнчө хан болуп алды. Прокуратура тергөөнү алары менен прокуратурага каршы чыга башташты. Мурда ИИМДин же УКМКнын кызматкерлери оор кылмышка кириптер болгондо прокуратура тергечү. Ошон үчүн акыл токтотуп, баарын иретке салыш керек. Прокуратурага оор, ачылбаган кылмыштарды бериш керек болчу, тергөөнү алып салыш керек дебей»,-деди укук коргоочу Качкын Булатов.

Булак: Коомпресс.кж

Аргумент.kg