Качан кетет? Кайрат Иманалиевдин “кашаңдыгы” тойгузду

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Армияда “Жоокер уктап калды, кызмат өтөлүп жатат” деген ылакап бар, анткени жоокерге убакыттын өткөнү эсеп эмеспи. Анын сыңарындай, “Кайрат Иманалиев маданият министри болобу, улуттук телерадиокомпанияга барабы, иштебей эле үргүлөп отура берет” дешти. Иш албетте, өзүнүн эски ыргагы менен жүрө берет деңизчи, “иштебейт” дегенибиз – өнүгүү багытында кыймылдап, жаңы идеялар, жаңы программалар деген түшүнө да кирбейт. “Өгүз өлбөсүн, араба сынбасын” деген принцип менен кыймылдабай отура берет. Дикторлорго конкурс жарыялайын десе, аялы “менден өткөн диктор барбы?” деп тыйып койгону кандай? Ошо менен экрандын көркүн ачкан 7-каналдагыдай, же ЭлТРдегидей жаңы жүздөр УТРКдан көрүнбөй, Гүлжан Кулмамбетова менен Кыял Шаршееванын бузулган дикцияларын “Ала-Тоо–24” каналынын көрөрмандары угууга мажбур болушууда. Кыскасы, Кайрат Иманалиевдин “кашаңдыгы” тойгузду.

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg