Биринчи турмушумдан бактылуу боло албадым, күйөөм менен келише албадык. Арабыз 6 жаш болчу, эки балалуу болдук. Балдарыбыз үчүн да бактылуу болуп жашай албадык. Күнүмдүк пикир келишпестик, ар кандай ызы-чуу сөз, уруш  боло берип, акыры ажырашып тындык. Күндөр, айлар, жылдар өттү. Бир жолу менден жашы бир топ улуу, сыртынан тааныган байке менен чогуу айылга барып калдым. Ал мен жөнүндө уккан экен. “Күйөөң каякта?” деп сурап калды. Мен шаша-буша “үйдө эле” деп койдум. Ошентип 6 ай сырттан тааныш болуп жүрдүк. Мен салондо иштечүмүн, чогуу иштеген балага келип чачын алдырып кетчү. Бара-бара жакындан сүйлөшө баштадык. Ал арада мени ар кандай жол менен сынап көрдү. Башка балдарга телефондон чалдырып, “таанышып алалы” дедиртип, кыскасы, мени сынабаган жолу да калбады окшойт. Акыры бир күнү “үйлөнөлү” деп сунуш киргизди. Мен болсо “өзүмдөн да мага биринчи балдарымдын бактысы керек” дедим. “Балдарыңды өз балдарымдай карайм” деди. Көрсө, ал өзү өмүрү балалуу болбоптур. Кеңеш бериңиздерчи, эмне кылса ?

Гүлай