Коом

Үйгө келсем күйөөм биздин диванда аялы экөө жатат экен…

Саламатсыздарбы, атым аноним болсун. Мындан эки жыл мурда сүйлөшүп сүйүшүп турмушка чыккам. Күйөөм менен бир ай жашаган соң Москвага кетти. Кайненем тынбай ортобузга түшүп, уруштурчу. Күйөөм чындыкты билип турсада апа табылбайт аял табылат дейт. Жарым жыл араң жашап кайненем кууп салды. Боюмда 5 айлык балам болчу. Күйөөм келгенде жарашабыз деп күтүп жүргөм. Төрөдүм заксым жок болчу. Мени көргөнү да күйөөм тараптан эч ким келген жок. Кызым бир жашаар болгон соң келээр деп күтүп жүрсөм Москвадан башка кыз аял ээрчитип келиптир. Менин жүктөрүм бербей жатат. Барып да эч нерсе алалбай келдик.Күйөөм биздин диванда аялы экөө жатып жатат экен. Кандай жол менен алсак болот? Аноним болсунчу?

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *