Пландарым боюнча, бул жолугушуу мындай
болушу керек эле. Узун чачым жайылган,
фигурама төп келген көйнөк, бутумда шиш
така, колумда кичинекей сумка, жүзүмдө
макияж. Көчөдө маралдай керилип басып
баратам. Тык, тык, тык… Жаныман өткөн
жигиттер суктанып кылчайып карап
жатышат. Айрымдары чалынып да кетти.
Кокустан алдыман жүдөгөн эски сүйгөнүм
чыкты. Мени көрүп токтоп калды. Учурашса
жооп бербей, көзүмдүн кыйыгы менен карап
койдум. Дал ошол маалда акыркы үлгүдөгү
машина токтоп, ичинен бир кучак гүл
көтөргөн сымбаттуу жигит чыкты. Гүлүн
мага сунуп, бетимен өөп машинасына
отургузуп айдап кетти. Чаңда калган эски
сүйгөнүм мени таштаганына өкүнүп, жер
кучактап ыйлады.
Карантинде шаардан айылга келгем. Элге

окшоп жөн отурбай сасык тумоолоп
калдым. Ага кошулуп, ангинам кармап,
тамагым шишип кетти. Кыйналып
отурганымды көргөн апам, «тур, дүкөнгө
түшүп арак алып кел, компресс жасап
берейин», деди.
Дүкөн көчөбүздүн башында. Мени ким
көрмөк эле деп, бутума көлөч, үстүмө
атамдын малга кийген эски чапанын кийип
алып чыгып кеттим. Чачым май, мурдум
кызыл, көзүм шишиген, үнүм кырылдаган.
Эшик дагы суук болчу. Дүкөндөн арак алып,
бүрүшүп чыгып келатсам, кайдан-жайдан
мурунку сүйгөнүм пайда боло калды. Тууй
ата, сценарийдин баары өлдү.
Кебетем оюма келип, уялганымдан жерге кирип кетким келди.

Ал тим эле кычырайт. Атыры буруксуп,
бүтөлүп калган мурдумду ачып жиберди.
Ошондо кой жыттанып жатканымды
билдим. «Ой, кандайсың?» -деп учурашып,
колумдагы аракты карады. «Жакшы» десем
үнүм эркектикиндей кырылдап чыкса
болобу. Шарт бурулуп, тез-тез басып кеттим.
«Байкуш, мен таштагандан кийин ичип
кеткен турбайбы»,- деп, ичинен жымыңдап
жатканын элестетип ачуум келди.
Абил менин биринчи сүйүүм. Экөөбүз
айылдашпыз. Менден эки жаш улуу,
сулуучумак келген жигит. Бир мектепте
окудук. Тогузунчу класста жаңы-жылдык
кечеде бийге тартты. Ошондон кийин
сүйлөшө баштаганбыз. Ал учурда менден
өткөн бактылуу кыз жок эле. Көп өтпөй,
мени сүйбөй калганын айтып, «Б» класска
жаңы келген шаардык кыз менен жүрүп
кетти. «Сенсиз кантип жашайм»,- деп аябай

ыйлаганым дале эсимде. Эх, окуучулук
күндөр.
Үйгө көзүм жашылданып кирип бардым.
Пландарым бузулуп, мен ойлогондой болбой
калганына ыза болдум. Баса, Абилди эбак
эле сүйбөй калгам.