Коом

Эрнист Жээнтаев: “Төрт милициянын алы бир айдоочуга жетпей атып салганы чындыкка дал келбейт”

Милициянын патрулдук кызматкерлери каршылык көрсөткөн жаранды атып салганы боюнча активист Эрнист Жээнтаев өзүнүн пикирин жазып чыкты. Анда буга чейин да патрулдук кызматкерлери жарандарга үстөмдүк кылып келгенин баса белгилеп кеткен.
“Патрулдук милициянын кызматкери эреже бузган айдоочуну атып салды.
Милициянын расмий билдирүүсүндө айдоочу конфликт жаратып, провокация кылып милиция кызматкеринин куралын тартып алууга аракет кылган деп билдиришти.
Күбөлөрдүн айтуусунда ал жерде 4 милиция кызматкери болгонун айтып жатышат. Эми айдоочу бирөө менен конфликт болуп жатса, калган 3 кызматкер жөн эле карап турушту беле деген суроо жаралат.
Расмий билдирүүгө дагы бир дал келбөөчүлүк – курал капысынан атылып кеткени. Эч качан предохранителден чыгармайын, затвор тартмайын курал атылбашы керек болчу. Демек милиция кызматкери куралын өзү кобурадан сууруп чыгып, затвор тартып, предохрателден чыгарган болушу мүмкүн.
Айдоочу менен гаишниктердин ортосунда конфликт көп болот. Мени да тозуп гаишниктер өзүлөрү конфликт жараткан учурлар толтура. Мисалы жөнөкөй эле токтотуунун себебин сурасаң “эмне ютуб көрүп алдыңбы”, же “Болот Ибрагимов болоюн деп жатасыңбы” деген жоопторду көп угам. Алардын ою боюнча айдоочу унчукпай айтканына макул болуш керек экен да. “Эмнеге жаран катары, айдоочу катары мага жазылып жаткан протоколдун себебин билүүгө укугум жок? Сенин мындай мамилең жакпайт” десем анан конфликт башталат.
Жогорудагы окуянын чоо-жайын милиция кызматкерлеринин төшүндөгү камералар тактайт. 4 кызматкердин тең камерасы болушу керек. Эгер алар кандайдыр бир себептер менен иштебей же бузулуп калып ремонтто болсо анда иш чатак. Негизи камерасы жоктордон сурасам көбүнчө бузулуп калган деп жооп беришет.
Менин оюмча эреже бузгандарга курал колдонулбашы керек. Жогорудагы конфликтте да курал кондонуу ашыкча. 4 кызматкер жүрүп адамдын өлүмүнө себепкер болушту. Устав боюнча курал кандай учурда колдонулат милиция кызматкери билиши керек.
Акыйкат иликтөө талап кылам”-деп жазуу менен бул иш боюнча акыйкаттуу карап чыгуусун бийликтен талап кылган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *