Эрнист Кыязов: «Курал иним, той-топурга келип калсаң «к..түнө бөтөлкө тыктым», «Кайрат мн жаттым» деген балээлериң элестелип турса жакшыбы?»

Эрнист Кыязов: «Курал иним, той-топурга келип калсаң «к..түнө бөтөлкө тыктым», «Кайрат мн жаттым» деген балээлериң элестелип турса жакшыбы?»

09-үчтүн айы, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева

Мындай пикирин  журналист Эрнис Кыязов жеке фейсбук баракчасы аркылуу билдирди

«…сөгүнүп-кагынып, ар кыл чуулуу жоруктарды жасап, кээде маскара, кээде наалат угуп жүрө берген бирөө болсо «аа бул акыры ошону кылмак…» дешип баш чайкап «…эми жөн жүр өөй жубарымбек» деп эл тентек бирөөнү тыя жүргөндөй тыймактыр аны. «Кокон гилас», «Көкбөрү», «Дүрүдүм», «Ачуу айран» деген шаңдуу ырларды ырдап жүрүп эле, анан бир күнү оозунан б..к-сак төгүп баштаса «бу жигит ошол өзүбү же башкабы» деп таң калат экенсиң.

Курал иним, элге айтсаң жакшыны жар сал, жаманыңды жашыр. Өзүң тамашкөй, жарык маңдай жигит элең, эми той-топурга келип ырдап турсаң, элдин көзүнө баягы шойкомдуу жоруктарың, «звезду п..# ду», «т..гымды тырмадым», «к..түнө бөтөлкө тыктым», «кайрат мн жаттым» деген балээлериң элестелип турса… жакшыбы эми ошол? Башка өлкөлөрдүн башкасын туурасаң да сөгүнгөнүн, богооздугун туурабай эле оокат кылуунун ылаажысы бардыр иним, «миллиондогон просмотр чогултам» деп кадырыңды төкчү жолго барбай эле койсоң кантет дейм да?

Өзүңдүкүн төккөнүң аз келгенсип, ал шойком-шоуңа аттуу-баштуу эле атактуу досторуңду чакырып алып алардын оозунан да ак ит-кара иттерди агыта шермендесин чыгарып, ошол нерсе элдин мээсине нормалдуулук катары сиңип кетээрин балким аңдабай жатканың өзүңө да, өзгөгө да аброй алып келбес? Кыскасы бул «креативдүүлүгүң» саал туура эмес болуп калдыбы деп турам да… Ким эмне жасаарды-коерду, эмнени сүйлөп нени унчукпоону, эмнени көрүү же көрбөөнү өзү тандаган эркин заман азыр, бирөө бирөөгө кантип жашоону үйрөтүүнүн өзү да туура эмес албетте.

Эми ошентсе да, парасаттуу имиджиңди дароо сөгүнчөөк имиджге алмаштырмакчы болгон «авантюраңды» абайлап жасабасаң, чыгармачылыгыңды күм-жам кылып алба…  Ак ниет кеңешимди эске алсаң эске алаарсың, албасаң «бу деген творчество да эми…» деп атыңды каалаган жагыңа, каалагандай чаап кете берээрсиң иничек…», — дейт Эрнист  Кыязов