Саясат

Эрнест Шакитов: Түштүктөн келген президент көпкө барбайт. Иштетишпейт дагы

Мындай пикирин блогер Эрнест Шакитов жеке фейсбук баракчасы аркылуу билдирди:
Түштүктөн келген президент көпкө барбайт. Иштетишпейт дагы
Мисал, А. Масалиев, К. Бакиев, С. Жээнбеков.
30-жылдык эгемендикте 23-жыл Түндүктүн кулундары башкарыптыр. Болгону 7-жыл түштүк башкарыптыр.
Демек, Кыргызстанга зыяны көбүрөөк тийген түштүктүн кулундары эмес, түндүктүн кулундары болгон экен. Себеби, силер 23-жылдан бери башкарып келе жатат экенсиңер.
К.Бакиевдин убагында экономика артка кеткен эмес, а тескерисинче өскөн экен.
С. Жээнбековдун убагында очойтуп карыз алган эмес, башкаларына окшоп. Көлгө уран казуудан баш тартып койгон, силердин суранычынар менен.
Экономика артка кеткен эмес, кымбатчылык дагы болгон эмес. Болбосо доллар былтыры эле көтөрүлгөн, ушундай эле болуп. Электр энергияны көтөргөн эмес, пенсия, пособия, айлык акыларды түшүргөн эмес, тескерисинче кичинеден кошулган экен. Берекелүү жылдар болгон түшүнгөн адамга.
Ошондой эле С. Жээнбековдун убагында лог. центрге баары каршы болушкан. Элдин сөзүн угуп андан дагы баш тартып койгон.
Эми Соке эмне кылып койду деп олтурушат, силер макул болгонунарда 30-миң жумуш орду менен камсыз боло турган чоң проект түшмөк.
Ал эми С.Жапаровго макул болушту, өзүбүздүн кулун дешип))
Дагы бир мисал айтам, К. Бакиев менен С. Жээнбековдун убагында сарттар басып кетти, сарттар ээлеп алды, сарттар мындай болуп кетишти деген саясат каттуу жүргөн. Азыр ал саясат жок. Себеби өзүңөрдүн уулуңар келди бийлике. Атамбаевдин убагында дагы андай нерсе болгон эмес, ал дагы өзүңөрдүн уулуңар эле))
Эми тыянак: Демек, түштүктөн президент болгондо эле трайбализм саясаты башталат экен да, басып кетти, ээлеп алды, сатып кетти, уурдап алды, өлтүрүп кетти деген.
Негизи трайбализм каяктан чыкканын баарыбыз эле билебиз, бирок айла жок айтышка туура келди, кечээки Жапаровдун Ат-Башыга болгон сапарынан кийин.
Даяр факты менен болду да, канчалык деңгээлде трайбализм саясатын акырын жүргүзүп келгенинер))
Ошондой эле Кумтөрдү Акаев менен Сарыгулов туура эмес келишимдерди түзүп берип жиберишкен. Ал эми алардын азабын А.Жээнбеков менен Т.Зулпукаров көрүп жатат😃 Бул жагы такыр окшошпой калды бирок))
Эртең А.Мадумаров президент болсо деле көпкө барбайт. Ал деле жок болот. Таластан 1000 адам, Колдон 500 адам, Чүйдөн 2-миң адам келип түшүрүп коёт.
Былтыркы Октябрдагы ызы-чуудан кийин Суваналиев “next tv” га интервью берип жатканда айткан: кечээки революцияны түндүктүн эли биригип, түндүктүн эли жасады деп. Өзүңөр издеп таап көрсөңөр болот, интернетте жүргөн.
Ал эми өлүп кеткен Баткендик Үмүт бул ошолордун оюнунан курман болгон.
М. Мырзакматов деле ачыгын айткан, С.Жээнбеков түштүктүк болгону үчүн кетти деп. Ал деле интернетте жайнап жүргөн.
Айтаарым, борборду Ошко жылдырыш керек, ошондо түштүктөн чыккан президент өзүнүн мөөнөтүнүн аягына чейин иштей алат. Бул жакта иштей албайт, иштетишпейт. Иштейин деп чон проетини алып келсең, кандайдыр бир саясий оюнду кылып иштетишпейт. Мисалга, лог.центр сыяктуу нерсе))
Мени жаман көрсөңөр жаман көрө бергиле, капа деле болбойм, мамиле деле кылбайм, эчтеке сурабайм дагы, бербейм дагы. Болгону ачык сөз. Биз ачыкппыз деп мактанасынар го, ошого ачык жарылып койдум, болгондо да ФАКТ менен😉

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *