Коом

Эми Дастан Жумабеков өкүл атасы Кубатбек Кожоналиевге бөжөңдөп калыптыр

Тагдырдын тамашасын кара! Дастан Жумабеков спикер кезинде өкүл атасы Кубатбек Кожоналиевди карабай калганын жакындары айтышты… Убагында Өмүрбек Бабановду бийлик жыккандан кийин, таластык бирөөнү Жогорку Кеңештин төрүнө чыгарыш керек эле.

Мындайда оңдой берди болуп, бөжөңдөгөн Дастан эп келишкен. Аймактык саясаттагы тең салмактуулук ушундайча каралган…

Кызыгы, качан гана КР президентинин администрациясынын жана министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчилигине Кубатбек Кожоналиев дайындалгандан соң, жөнөкөй депутат Дастан Жумабеков 180 градуска бурулуп, «атакелеп» калыптыр.

Ушунчалык да ойт береби? Алмазбек Атамбаевди, Сооронбай Жээнбековду сатып кеткен Дастакең эртең кайра эле колуна «мыдыр» тийсе, өкүл атасын унутуп коёру шексиз го?..

Булак: Азия News гезити

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *