Коом

Эми акысыз Wi-Fi колдонуу мүмкүнчүлүгүн шаар тургундары колдоно алышат

Бишкек шаарынын борборунда акысыз Wi-Fi иштеп баштады. Бул тууралуу «Кыргызтелеком» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта, акысыз интернет Эркиндик проспектинин Чүй проспектинен Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүнө чейин жеткиликтүү болот. Каалаган жарандар ушул аймактардан акысыз интернет колдоно алышат. Акысыз  Wi-Fi таратуу  «Жеткиликтүү санариптик дүйнө» долбоорунун алкагында ишке ашты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *