Коом

«Элиза үй буюмдары» тобундагы абоненттик номурлардан алдамчылык жолу менен акча каражатын алып жаткандар кармалды

Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына М.М аттуу жаран кайрылып, «Э.» аттуу аял «Элиза уй буюмдары» тобундагы абоненттик номурлардан алдамчылык жолу менен акча каражатын алып жатат деген арыз менен кайрылган. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Аталган факт Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын ERPP каттоосунда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү (Алдамчылык) менен катталган.

Тергөө иш-чараларынын жана издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү Б.Э. 1997-жылы туулган М.О. 1994-жылы туулган. Алар тергөө кызматына жеткирилип, ал жерде КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *