Элдин ырыскысын уурдаган Нурлан Сулаймановдун байлыгы ашып-ташып кеттиби?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Экс-министр Нурлан Сулаймановдун баласы Элдар Сулайманов учурда Жогорку Кеңештин депутаты. Акчанын күчү менен чоң саясатка көтөрүлдү. Билими, тажрыйбасы канчалык деңгээлде өркүндөгөнү белгисиз. Байдын баласы катары тайраңдап аткан чагы… Атасынын аркасы менен Элдар Сулайманов Ошко 2 миллион долларга заманбап мончо салганы, Батыш өлкөлөрүнө «Памир» суусундугун экспорттоп келгени белгилүү. Албетте, булар чоң бизнес. Баса, көз жазгыруу үчүн кредит алышып, аны бетке кармашканы кандай? Өздөрүнүн акчасы жок беле? Курманбек Бакиевдин режими тушунда Нурлан Сулайманов транспорт министрлигин жетектеп, миллиондорду кымырганы, анан заман алмашып, ошонун кесепетинен коррупцияга айыпталып, кылмыш иштери козголуп, качып кеткени эсиңердеби? Алмазбек Атамбаев президент болгондон кийин жүзү ачылып отурбайбы. Ошентип, сыртта саякаттап жүрүп, убакыттын өтүшү менен артын тазалатып келип алган… Натыйжада, мамлекеттен уурдаган байлыгын баласы четинен кертип, ири бизнес долбоорлоруна жумшаганы ушулбу? Айтор, убагында акчаны пирамидадай жыйып койсоң, саясатка, бизнеске кенен чабак уруп, элдин төбөсүнө камчы чапкандай үстөмдүк жасап, жогору жакта көкөлөй бересиңби? Учурда Нурлан Сулайманов министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кеңешчиси, баласы Элдар «Ата Журт Кыргызстан» фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты. Мындан өткөн бакыт барбы? А ырыскысын уурдаткан карапайым эл болсо жакырчылыкка батып, тишинин кирин соруп отурат… «Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg