Элдин нааразычылыгын депутаттар эч нерсе менен канааттандыра албайт, анткени булар жөндөмсүз

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Эл арасында парламенттин жетинчи чакырылышындагы депутаттарга болгон нааразычылык күчөгөндөн күчөдү. Ал нааразычылыкты депутаттар эч нерсе менен канааттандыра алышпайт, анткени алар эл каалаган нерсени баары бир аткара алышпайт. Ошол токсон депутаттын ичинен тогузу балким элдир селдир жарайттыр эл өкүлү болушка. Бирок калган сексени сабатсыздыктын, мыйзамсыздыктын эмблемасы сыңары улам теледен көрүнүп, сүйлөгөн сайын акыл эси, деңгээли эл алдында өкчөлүп жатат. Бир сөз менен айтканда мыйзам чыгаруу органы кризиске учурады. Көпчүлүгү күлүп датат аларды карап, а чындыгында булардын кесепети өлкө үчүн орду толгус кемчиликтерди алып келүүсү күтүлөт. Мейли спикерин, мейли катардагы эл өкүлүн алалы, билим, интеллектуалдык деңгээли өтө төмөн. Буларга эртең мамлекетти кыйроого алып барчу мыйзам долбоор сунуштаса да колдоп беришет, анткени түшүнбөйт да. Мыйндай парламент менен алыс бара албайбыз.

Сайракан Салиева

Аргумент.kg