Коом

Эки жашар кызды арак, ачуу калемпир берип сабап өлтүргөн

Эки жашар кызды уруп, арак ичирип артынан ачуу калемпир жедирип кыйнап өлтүргөн. Бул тууралуу Сузак райондук соттун өкүмүнө шилтеме берип жергиликтүү басылмалар жазып чыгышкан.

Маалыматта, окуя Сузак районунда катталган. 2019-жылдын март айында эки жашар кызын кийинки күйөөсүнө энеси таштап жумушка кеткен. Бул учурда өгөй ата кызуу болгон. Ал аялынын жетелей келген кызына арак берип артынан ачуу калемпир жегенге мажбурлап курсакка муштум менен согуп сабаган. Мындай кыйноодон улам наристе ошол күнү эле каза болуп калган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *