Эки миллиондук даараткананын ачылышы

Эки миллиондук даараткананын ачылышы

10-үчтүн айы, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева

Чүй облусунун Сокулук районундагы Төмөнкү Чүй айылында No1 мектепке даараткана курулуп, анын ачылышы болгон. Бул тууралуу окуу жайдын директору Патима Магомедова билдирди.

Анын айтымында, курулуш иштерине демөөрчүлөр тарабынан 1 миллион 980 миң сом бөлүнгөн.

«Айыл өкмөтү менен биргеликте долбоорду утуп алдык, анын алкагында «Окуучулардын жеке гигиенасы» боюнча тренинг өткөрүлдү», — дейт Магомедова. ошондой эле анын ачылышына атайын коноктор келген.