Коом

Эки кудагыйдын чечими аялым экөөбүздүн никебизди сактап калды

— Жүрүңүз кудагый, экөөбүз өзүнчө барып сүйлөшүп келели.
— Жүрүңүз, антпесек болбой калды.
— Биз кеч келебиз, күтпөй жата бергиле.
Келинчегим экөөбүз түнү менен уктабай отурдук. Экөө түштө кеткен боюнча жок. Кайда кетишти, эмне кылып жатышат билбейбиз. Телефондору өчүк. Башында жакшы эле отурганбыз.
Караңгы түшкөн сайын жаман ойлор келе баштады. Экөөнү кайдан жөнөтө койдук.
Эки кудагый тил табыша албай келинчегим экөөбүздү кыйнап жиберишти. Бирөөсү келип
мындай кыл дейт, экинчиси келип андай эмес мындай дейт. Бирөөсү келип небересин алып
кетсе, экинчиси таарынат. Алардын айынан келинчегим экөөбүз урушабыз. Эң жаманы
урушубуздун күндө көбөйгөнү болду. Ананчы, ар ким өз апасына тартат дегендей.
Атам чалды. Апам кайда экенин сурады. Эмне дешти билбей калдым. Тойго кетти деп койдук.
Келинчегим экөөбүз эми чындап корко баштадык. Кайда жүрүшөт болду экен.
Бири-бирине өчөшө беришчү болду. Бирөөсү келип бирөөсүн жамандайт. Башында, ооба деп
коюп жүрдүк. Бирок, кийин ага баш ичип жашоо кыйын болуп калды. Аялым менен өз
турмушубузду курбай, жаштыгыбыздан рахат албай экөөнүн көйгөйү менен эле болуп калдык.

Дагы апаларыбыздын айынан урушуп кеттик. Экөө жаңы эле келген. Чогуу чай ичип
отурганбыз. Анан экөө дагы кыжыңдаша башташты. Келинчегимди бери кой мен ачууланып
чыктым. Анан экөөбүз айтыша кеттик. Ошондо, оозубуздан биринчи жолу «ажырашалы» деген
сөз чыкты. Баш кошконубузга үч эле жыл болгон.
Апаларыбыз тык токтоду. «Ай, эмне деп жатасыңар» деп жиберишти. «Силердин айыңардан»
дедим дагы, сыртка чыгып кеттим. Жаш балача ыйлап жибердим. Өзүмдү кармана албадым.
Таңга маал келишти. Экөө жакшы эле тойлоптур. Сарсанаа болуп отурганыбызды деле эске
алышкан жок. Апам кирип келип эле, «тур, кудагый экөөбүзгө төшөк сал» деди. Келинчегим
экөөбүз залга төшөк салып бердик. Атама чалып айтып койдум.
Экөө экөөбүздү чакырды. «Ай, балдарым, бизди кечиргиле. Турмушуңарга мындан ары
кийлигишпейбиз. Жардам керек болсо өзүңөр келесиңер. Биздин айыбыздан жөн жашай албай
калдыңар. Жашсыңар, ката кетирип өзүңөр жашагыла. Биз мындан ары өз жашообуз менен
болобуз. Экинчи жанагындай сөзүңөрдү укпайлы. Эки эрке кемпирдын кыялы үчүн ак
никеңерди бузбагыла.»
Аялым экөөбүз биринчи жолу тынч уктадык.
Ишенесиңерби, ата-энебиз турмушубузга кийлигишпей калгандан бери экөөбүздүн сүйүүбүз күчөдү. Ортобуздагы сый артты. Уруштар жоголду. Тынч жашап калдык. Ар бир күнү өзүбүзгө
Эң жаманы ооруп калганда кимисине тартарыңды билбейсиң.

убакыт бөлүп, бакытка балкып калдык. Биз гана эмес эки кудагый дагы башкача болуп өзгөрдү.
Азыр экөөнөн өткөн ынтымактуу курбу жок.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *