Коом

Эки баламды жоготтум, күйөөмдүн ою талаада

Азыркы учурда өтө катуу стресс болуп жатам. Жакында эле 25 жумалык кызым төрөлүп, чарчап калды. Андан мурун да 8 айлык балам төрөлүп, чарчап калган. Аябай ичим ачышып, жүрөгүм ооруп жатат. Күйөөмө баары бир, бала керек эместей, ою талаада болуп жүрөт. Эки ымыркайымдан ажыраганымды күйөөмдөн көрөм. Экөөндө тең күйөөм мени уруп койгондон кийин ушул кайгылуу окуялар болду. Мындан ары кандай жашоо кечирем? Эч нерсенин кызыгы жок болуп, көңүлүм чөгүп турат.  Эмдигиче эки наристенин түйшүгү чарчатып, стресс эмне экенин билбей, бактылуу эне болуп отурмакмын…

Чынара

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *