Эки ай тыныгууда эл өкүлдөрү эмне менен алек?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Ушул тапта парламент эки ай тыныгууда. Бул аралыкта депутаттар шайлоочулар менен жер-жерлерде жолугуп, экинчи айында эс алууга чыгышат. Көпчүлүгү Ысык-Көлдө жана жайлоолордо эс алууну пландашса, айрымдары президенттик шайлоого байланыштуу иштешмекчи.

Жогорку Кеңеш 30-июнда эс алууга тараган. Азыр парламент депутаттары расмий түрдө эс алууда жүрүшөт. Бош учурларынан пайдаланып шайлоочулар менен жолугуп жүргөндөрү, ошол эле учурда өлкөнүн калкы үчүн маанилүү иштерди жасап жаткандары да бар.
Алардын бири КСДП фракциясынын депутаты Төрөбай Зулпукаров ушул тапта Ош облусунун Ноокат жана Араван райондорунун эли менен жолугушууларды өткөрүп жатат. Ал эми эс алууга депутат август айында гана чыгат. Зулпукаров эс алууну Ысык-Көлдө, жайлоодо өткөрүүнү пландап койгон. Ошондой эле  чет өлкөдөгү досторуна, бир туугандарына барып калышы мүмкүн дейт.
«Депутаттар эс алууга чыкты деген эле сөзү болбосо, анда деле иш менен өткөрөбүз», деген эл өкүлү Алтынай Өмүрбекова Бишкек шаарынын эли менен жолугуп жүрөт. Ошону менен бирге, Жогорку Кеңештин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп 1-августка чейин иштейт. Анткени төрага эс алууга чыккан. Өзү болсо үй-бүлөсү менен Ысык-Көлгө эс алууга барып келишибиз мүмкүн дейт.
Эл өкүлү Улукбек Ормонов болсо парламент тыныгууга таркаган күндөн баштап эле Өзгөндө жер титирөөдөн жабыркаган элдин көйгөйүн чечүү менен алек болуп жүргөндүгүн айтат. Жапа чеккендерди кыш мезгилине чейин турак жай менен камсыз кылуу керектигин белгилеген депутат, эс алууга көп убакыт бөлүүнү туура көрбөй турат. Ормонов мээни сергитүү үчүн үй-бүлөсү менен жайлоого чыгат.
Ал эми «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Тазабек Икрамов биринчи кезекте эс алууну туура көрүп, эл менен жолугушууну август айына калтырды. Азыр Ысык-Көлдө эс алып жүрөт.
Быйыл эс албаймын деген депутат Айнуру Алтыбаева Чүй облусунун эли менен жолугушууларды өткөрүп жүрөт. Күздө президенттик шайлоо өткөрүлүшүнө байланыштуу Алтыбаева эл менен көбүрөөк жолугуу  зарыл дейт.
Мындан тышкары, айрымдар депутаттар чет өлкөгө жакындарына жана балдарына барып келмекчи. Ал эми күздө болчу чоң саясий жарышка катыша турган эл өкүлдөрү учурда үгүт иштерине кызуу камданууда.
Булак: Марал.фм

  

Аргумент.kg