Эч ким сатып алган жок. Садыр Жапаровдун үйү кайрадан сатыкка коюлду: баасы арзандады

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Мамлекеттик ипотекалык компания президент Садыр Жапаров белек кылган эки кабаттуу үйдү ачык аукционго койду . Бул жолу баа төмөндөтүлдү.

Белгилей кетсек, биринчи аукцион 24-декабрда жарыяланган. Анда баштапкы баа 33 миллион 700 миң сомду (азыркы курс боюнча 396 миң 470 доллардын тегерегинде) түзгөн.

Бүгүнкү күндө аукциондун баштапкы баасы 28 миллион 46 миң 800 сомго чейин төмөндөтүлдү.

Кайрадан ачык аукцион 22-февралда саат 10.00дө өтөт. Алдын ала аукцион өткөрүлүүчү жер — Токтогул көчөсү, 228. Аукцион бир лоттон турат. Кененирээк маалыматты соцтармактардан же 0700111887 телефону аркылуу алса болот.

Аргумент.kg