Коом

Үйдө турган «скорыйды» көрүп, аялымды катуу сүйөрүм эсиме түштү

Буттарым титиреп чыкты. Чуркайын дейм,
бирок баса албайм. Балким биздин үйгө
токтогон жок. Балким, кошунага келди.
Көчөнүн башында элем. Миң түркүн ой.
Демейдеги кыска жол километр болуп
узарды.
Эртең менен келинчегим экөөбүз
таарыныша кеткенбиз. Болбогон эле нерсе
үчүн ачуу сөздөр айтылды. Элдешпестен
экөөбүз эки бөлмөгө кирип кеттик. Анан мен
жумушума жөнөдүм. Маршруткада баратып,
«каап жанагы сөздү айтып капа кылбай эле
койсом болмок экен» дедим.
Ансыз жашоом көз алдыма келди. Жүрөгүм
«шу» дей түштү. Билесиңерби, бүгүн, дал
ошол «скорыйды» көргөндө аялымды
канчалык сүйөрүмдү билдим. Катуу
сүйөрүмдү билдим. Көр турмуш бул сезимди
мага унуттуруп койгон экен. Жүрөгүм

башкача сого баштады.
Аялымдын кан басымы бар. Аба-ырайы
өзгөргөндө, стресс болгондо көтөрүлүп
турат. Бир жолу түндө кармап, бейтапканага
кантип алып барганымды билбейм. Ошон
үчүн ал көп кабатыр болбошу керек. Бирок,
бул жашоодо жөн дагы жүрө албайт
экенсиң. Балдарды ойлоп, аркы-беркини
ойлоп өзү эле көтөрүп алат. Анан урушам.
Бир заматта андан ажырап каларымды
элестеттим. Балдарымды бери кой,
сырттагы күчүгүбүз ансыз жашай албайт.
Менин апам келинин менден дагы жакшы
көрөт. Менчи… Мен кимдин ачуусуна тийип,
кимге тийишем.
Буттарым иштей баштады. Чуркадым.
Биздин үйгө токтоптур. Оюма жаман нерсе
келди. Эшикти болгон күчүм менен ачсам

ичип кобурашып отурушат.
Көрсө иним тез жардамга айдоочу болуп
жумушка кириптир. Апам келинин
сагынганын айтса такси жалдагандан
эринип өзү кызматтагы машинасын сурап
айдап келиптир.
Кечинде уктаганда даярданып жаттык.
Аялым ары-бери басып жүргөн. Мен аны
тиктеп отура бердим. Ал улам эмне болгонун
сурап коет. Бир маалда жаныман өтүп
баратты эле, колунан шап кармап «бүгүн
сени канчалык сүйөрүмдү билдим» дедим.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *