Коом

Үй-бүлөлүү адамга азгырылып, аз жерден балдарыман баш тартып кое жаздадым

Саламатсызбы. Менин да катымды чыгарып бериңиз сураныч. Биз жолдошум менен жакында эле, жетиштүү себеп менен 2 жолго түштүк. Арабызда 1кызыбыз,1 уулубуз бар. Убакыттын өтүшү менен мен биринчи жолу, бирөөгө катуу берилип сүйдүм десем туура болобу же, шайтан азгырды десем туура болобу билбеймин. Бирок, чын эле бир үй бүлөлүү адамга көңүл койдум. Ага жактыраарымды да айттым. Ал да кээде жооп жазып, жактыраарын билдирип коёт( жактырбаса да). Билем, өтө туура эмес жолдомун. Ар күнү » Бул ишим туура эмес, бирөөнүн уй-бүлөсүн бузуп, мен эч кандай жакшылык таппаймын. Эми ага жазбаймын, сүйлөшпөймүн» деп сөз берем. Бирок, көңүл кургур шайтан азгырыгынан чыга албай койду. Аны ойлосом, көкүрөгүм аябай ачышып, денемди суу каптагандай болуп кетем. «Намаз баштап, туура жолум улайын, 2 балам үчүн жашап, бутума турайын» деп, дагы деле ойумдан кетпей кыйнай берет. Мейли урушунуздар,  мен ошого татыктуумун. Ошол эле учурда, кенешиниздерге муктажмын.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *