Коом

Изделип жаткан келин башка ысым менен турмушка чыгып, күйөөсүнүн акчасын уурдап, балдарын таштап кеткен

Жайыл районунда жарандык никедеги жолдошунун акчасын уурдоого шектелген аял кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
13-апрель күнү Жайыл районунун ичкиштер бөлүмүнө 1982-жылы туулган М.С. аттуу жергиликтүү жашоочу арыз менен кайрылып, жарандык никеде жашаган аялы жаш балдарын таштап, 5700 долларын уурдап, качып кеткенин билдирген. Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн териштирүү иштеринин алкагында арыздануучу жарандык никедеги аялы менен үч жылдай чогуу жашап, эки балалуу бону аныкталды. М.С. аялынын аты-жөнүн гана билчү. Жубайынын туугандары тууралуу дагы билчү
эмес.
Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында шектүү күйөөсүнө чет мамлекетке кетип жатканы тууралуу видео жөнөткөнү маалым болгон.
Милиция кызматкерлери тарабынан шектүүнүн жүргөн жерин аныктоо боюнча бир катар ыкчам тергөө иш-амалдары жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында шектүү жарандык күйөөсү менен башка ысым менен таанышып, жашап жүргөнү такталып, шектүүнүн чыныгы аты-жөнү аныкталган. Ал 1989-жылы туулган К.А. аттуу аял экени, буга чейин 11 ирет кылмыш жоопкерчилигине тартылып, Ысык-Көл ОИИБ тарабынан изделип катканы такталган. Милиция кызматкерлери шектүүнү Жайыл РИИБдин Тергөө кызматына өткөрүп беришти.
Материалдар соттун кароосуна жөнөтүлгөн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *