Коом

Италияга барган кыргыз жаранынын эми элчиликке кайрылуу мүмкүнчүлүгү бар

Эми Италия өлкөсүндөгү мекендештер өз укугун коргой алышат. Италияда Кыргыз Республикасынын элчилиги ачылды. Бул тууралуу  КР Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматта,  Италиянын тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министринин орун басары Марина Серени эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн жана аны жаңы деңгээлге чыгаруунун маанилүүлүгүн белгиледи. ошондой эле иш сапар менен барган Руслан Казакбаев элчиликтин ачылуу аземине катышып кайтты.

Италиялык тарап Бишкекте өзүнүн дипломатиялык өкүлчүлүгүн ачып, Кыргызстан менен соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды активдештирүүнү пландоодо.

2022-жылы өлкөлөр дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилешет жана бир катар биргелешкен иш-чаралар пландалууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *