Искендер Гаипкулов саясый күчтөрдү калчап, тымызын даярдана баштадыбы?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Экс-министр Искендер Гаипкулов Россиянын айрым таасирдүү фигуралары менен байланышы бар. Бул жагы интеллигенциянын тар чөйрөсүнө белгилүү. Каарманыбыз ички-тышкы күчтөрдүн колдоосуна ээ болсо да, эки жарым жылдан бери чоң кызматка жете албады. Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев министрлик креслону ыроолошкон жок. Мындай жагдайда эмне кылышы мүмкүн? Ичинен кекенген Гаипкулов сыртынан сыр билдирбей, келечекке карай даярданып атабы? Кудалары Мелис Мырзакматов менен Мелис Турганбаев бекер жеринен шыпшынып, шердене башташпаса керек… Үчөө жогорку постторду кыялданышып, бирок максаттарына жете албай келишет. Бийликке ачык каршы чыгуудан айбыгып отурушат. Назилинде Искендер мырзанын башы жакшы иштейт эмеспи, кыйчалыш кырдаалды алдыртан сезип, олуттуу саясый күчтөрдүн башын кошууга белсенип, жазында баш көтөрөбү? Өзү алдыңкы катарга чыкпаса да, “карс-күрс” кагыша тургандарды даярдайбы? Ушул таризде ойлондура турган суроолордун жандырмагы чечилбей турат. Негизи Искендер Гаипкулов бир же жарым жылды алдын ала ойлонору, ошого жараша иш кылары айкын. Кандай кадамга барарына саресеп салып туруу ашыктык кылбас.

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg