Ишкер Тимур Файзиев кайра кармалды

Ишкер Тимур Файзиев кайра кармалды

10-тогуздун айы, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

«Элит Хаус» компаниясынын жетекчиси Тимур Файзиев кармалды. Бул тууралуу  өздүк булактар билдиришти.

Маалыматка караганда, УКМК ага каршы козголгон иштин алкагында суракка чакырып, кармоо чечимин кабыл алган.

Белгилей кетсек, Тимур Файзиевге каршы 2021-жылы иш козголуп, кийин токтотулган. Анда ишкердин мамлекеттин эсебине 2 миллион доллар төлөгөнү айтылган.

Айтымдарында, бүгүн, 10-октябрда «Элит Хаус» компаниясынын кожоюну Тимур Файзиев УКМКга суракка чакыртылды. Сурактан кийин тергөөчүнүн чечими менен Файзиев УКМКнын СИЗОсуна киргизилди.

Булак : Аргумент кж