Исхак Пирматов аяз атабы же алдар көсөөбү?..

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Исхак Пирматов деген тагдырдын эрке талтаңы бар. Кезинде кыргыздарды койго теңеп, атасы ажо болгондо чабан сыпатында сүрөттөп жүргөн Максим Бакиевдин ынагы болгон. “Кыргызнефть” деген ишкананы тоноп тоймок тургай, топук кылууну унутуп коюп жегендиги боюнча узун сабак сөздүн аягын күтүп жүрөбүз. Өзү болсо актанганы актанган. Кезинде Исхакчикке кылмыш иши козголуп, бирок, ЖоКе деген укуругу узун эменин парманы менен аман калган. Кылы кыйшайбай эле депутат болуп да манчыркады. Бул деген ага укук тармыгынын укуругу жетпейт дегендик. Анткени, кезинде канчалаган депутаттар камакка алынып, айрымдары түрмөдө отурса, айрымдары ал жактан бошоп чыгууга да үлгүрүштү. Бир гана ушул Пирматов деген эргулдун кылын кыйшайта албай коюшканы эсибизде. Азыр да аны эстеген киши жок. Колдогону күчтүу экени ушундан билинип жатат өңдөнөт. Демек, “Колдоочуң Лондондо болсо, корголуңа чыбык сая алышпайт” деген аксиома турмуш чындыгында аныкталып баратабы? Бир учурда өлкөнү мыкчып отургандар сурак берип атканда, аларга салыштырмалуу Пирматов эмне болуп калыптыр? Эл ырыскысына кол салгандар кайсы бир күнү жазасын алаарына ишенебиз…

Булак:Де-Факто

Аргумент.kg