Саясат

Исхак Масалиев: «Өзгөчө президент өтө абайлап сүйлөсө болмок. Ар нерсенин чеги бар»

Мындай пикирин экс-депутат Исхак Масалиев өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

«Ар нерсенин чеги бар. Кыргыз Тажик чегарасы оңой чечилбеген чыр.

Бирок Президенттин аталган маселеге Адахан Мадумаров тиешелүү экен, 2009-жылы ал киши 275 метр жердин тагдырыны өзү чечип коюптур деген сөздөрү абдан өкүндүрөт.

Абдан жаман аракеттер байкалууда. Мамлекеттик катчы эч качан чече албаган мындай нерсени. Ошол күндөрү эки тараптан эл жыйналып, согушка аз калганда, маселе чечилип, жол ачылып, элибиз тынч жашап кетти.

Ал эми, быйыл эле 36 жараныбыз каза тапты, согуш жок жерден 100 минден ашык адам көчүрүлгөн болчу. Бирөөсү жооп бердиби, күнөөлүү адам табылдыбы?

Менин пикирим — бирөөнүн мойнуна өзүнүн кемчиликтерин оодарбай, чогуу иштеп, бир  жыйынтыкка келсек пайдасы көбүрөөк болот эле. Кайрадан чукуласа, өзүнө кайтып келиши мүмүкүн…

Орустар айткандай – «на чужом горбу в рай не попадёшь…»

Өзгөчө президент өтө абайлап сүйлөсө болмок. Ар нерсенин чеги бар», — деп жазган Масалиев.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *