Исаковду каматпай Келдибеков сактап калдыбы, же Талгарбековбу? Сыр бар…

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Былтыркы шайлоодо Исмаил Исаков “Азаттык” партиясы менен парламенттик шайлоого чыгып, оппозициялык ишмердигин чыңалтууга киришкен. Куйту саясаттын башталышын ошондо эле байкаганбыз. Ахматбек Келдибековдун жардамын алып жүрүп, аны да жардан алыс түртүп жибере жаздады. Исаков шайлоодон өтпөй калгандан кийин бийликти сындай берди. Элге жукпаса да. Жетимиштен ашканда ары-бери урунуп жатып, акыры ордун таба албай калганына күбө болгонбуз. Бир канча ай мурда саясатчы Бекболот Талгарбеков менен “Коомдук кеңеш” уюмун түзүп, калыс маанайды кармануудай көрүнгөн.

Тилекке каршы, бир жактуу оппозициялык ишмердигине өтүп алганы, Кемпир-Абад талкуусунда жеке пиар кылууга батынганы шек жараткан. Натыйжада, Исмаил Исаков коомчулукту чуулдатып, заарын чачкандай маектерди бере берип, бир маалда коңулга кирип кетти. Аны менен катарлаш жүргөн жыйырмадан ашык саясатчылар түрмөгө түшүп калышты. Бул гана түлкүдөй мант берип, колго илинбей, эркиндикте калганы кандай? Бир сыр бар… Азыр эмнеге оозуна талкан сугунуп алгансып, тынчып отурат? Айгай салып көрбөйбү? Эрксизден баягы эт комбинатына койлорду баштап барып, өзү башка тешиктен чыга качкан текенин образын элестетесиң да. Ошондо Исаковду каматпай Келдибеков сактап калдыбы, же Талгарбековбу? Береги эки саясатчы тең Камчыбек Ташиевге жакын адамдар… Дагы тереңдете ой калчап көргүлө…

Булак: Азия News гезити

Аргумент.kg