Ирину Карамушкина: “Коррупциялашкан ортомчулардын айынан дыйкан психиатриялык ооруканада жатат”

Азык-түлүктүн ортомчулар кымбаттатын жатканы тууралуу депутат Ирина Карамушкина Жогорку Кеңештин жыйынында айтып чыкты.

Анын айтымында, дыйкандардан даттануулар түшүп жаткан.

“Бүгүн алар базарларда жана дүкөндөрдө жашылча -жемиштердин мындай кымбат болушунун себебин жарандарга түшүндүрүү милдетин өздөрүнө алышты. Бир килограммы 10 сом турат, ал эми пияздын тору – 350 сом. Ортомчулар дыйкандардын өндүргөн азы-түлүгүн арзан баада алышып, элге өтө кымбат баада сатып жатышат. Бул жер дагы өзүнчө коррупцияланышып алган. 350 сомдук пияздын торун 1000 сомго чейин сатып жатат.Көпчүлүк дыйкандардын көпчүлүгү тозокто жашап жатабыз деп нааразы болушууда. Анткени алар өндүргөн азык-түлүк арзан баага бааланып, эмгектери акталбай жатат. Жазында банктан кредит алгандарга төлөөгө мүмкүнчүлүк берсеңер боло. Айыл Банк техниканы бир фермерден 30% төлөй албай жатканы үчүн тартып алыптыр. Азыр ал адам нерв оорусунан улам психиатриялык ооруканада жатат. Мен жарандарыбыздын атынан премьер -министр менен айыл чарба министринин байланышын, жашоосун суранам”, – деди Карамушкина.

Add your comment

Your email address will not be published.