ИРАНДАН КЫТАЙДЫ АЙЫПТОО: ДҮЙНӨНҮ КАТУУ ТАМАШАЛАДЫ

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Ирандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат катчысы Киянуш Жиханпур Covid-19 катталган учурлар боюнча Кытайдын көрсөткүчтөрүн “катаал тамаша” катары сыпаттады. Ал Пекин бийлигин жабык маалымат берип, дүйнөнүн жаңылтып жатканына айыптады.
 
Видео конференция түрүндө өткөргөн маалымат жыйында журналисттердин суроолоруна жооп берген Киянуш Жиханпур Кытай берген көрсөткүчтөргө токтолду.
 
“Кытай берген көрсөткүчтөр ачуу тамаша сыяктуу. Дүйнөнүн бир топ жери Кытай берген көрсөткүчтөрдүн негизинде ооруну грипптин жеңил түрү катары ойлоду. Аталган өлкө бүтүндөй дүйнөнү катуу тамашалагандай көрүнөт. Кытайда эки ай ичинде эпидемия көзөмөлгө алынганы айтылса, анда бул боюнча ойлоно турган жагдайлар көп”,-деди.

Аргумент.kg