Жашоодо ушундай абалга калам деп ойлогон эмесмин. Мен силерге кат жазып коомдун пикирин да угуп көргүм келди.  Менин иним буга чейин үйлөнгөн эмес. Жашы жыйырма сегизде. Эми ал үйлөнөт элеп деп бир келинди айтып жатат. Ал келин менин кошунамдын айылдашы болуп чыкты. Көрсө ал эки күйөөгө тийип бирөөнөн Эки , экинчисинен бир баласы бар экен. Балдарын кайын журтуна таштап шаарга кеттим деп кетип калган боюнча барбай коюптур. Азыр үч баласын аталары тарбиялайт дейт. Муну угуп алып, балдарына мерез аял башкага жакшылык кылмак беле деп коркуп жатам. Эгерде балдары өзүндө болсо тагдыр экен деп балдарына макул болот элем. Өткөндө эки баласын таштап качып кеткен аял 13 жолу соттолгонун эки балалуу болуп качып кеткенче билбегенден кийин биз да ала турчу келин өз балдарын таштай качканынан чочулап жатабыз. Кандай кылганда инимди бул келинден айнытам.
Жаркын