Коом

«Империя пиццы»: Ууланган адамдардын саны 85ке жетти

Бишкектеги кафеден ролл жеп ууланып ооруканага кайрылган адамдардын саны 85ке жеткенин Саламаттык сактоо министрлиги билдирет. Маалымат бүгүн, 25-октябрда, саат 7:30га карата алынды. «Учурда бир бейтап ооруканадан дарыланууда, абалы туруктуу. Калгандары алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн», — деп айтылат маалыматта.

Министрлик кошумчалагандай, эпидемииялык изилдөөдө бейтаптар шаардын ар кайсы жеринде жайгашкан кафелерден тамактанганы белгилүү болгонун кошумчалады. Учурда иликтөө уланууда.

Эске салсак, кечээ «Империя пиццы» кафесинин тамагына ууланып 12 адам Темир жол ооруканасынын жугуштуу илдеттер бөлүмүнө түшкөн. Анын үчөө жаш бала болчу. Бейтаптар ооруканага 23-24-октябрь күндөрү келе баштаган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *