Иманалиев Балбак Түлөбаевдин сынып калчу чындыгынын сыры

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

 

Жогорку Кенеште өзүн активдүү депутат катары көрсөткүсү келген азчылык топ бар. Алардын катарын Балбак Түлөбаев толуктайт. Жакында эле билим берүү министри дайындалып жатканда адатынча активдүүлүгун көрсөтүп, талапкер Иманалиевге суроо узаткан. Анда ал: «Каныбек Капашович, бир кезде сиз Ыссык-Көлдүн аксакалдарына кайрылдыныз эле, азыр дагы кайрылып койбойсузбу»-деген.

Бирок жооп алган эмес. Бир аздан соң депутат Элмурза Сатыбалдиев Иманалиевге кайрылып, Балбак Түлөбаевге жооп берип коюусун өтүнгөн. Ага жооп ирээтинде Иманалиев: «Балбак Зарлыкович да кыргыздын мыкты жигиттеринин бири, бирок эгер азыр бир чындыгын айтсам катуу сынып калат» -деп жооп берген. Төрага экөөнү тыйып, сабырдуулукка чакырган. Иманалиев керек болсо төраганын кабинетинде күбөнүн көзүнчө айтаарын убадалаган.

Коомчулукту бул кайым айтышуу ушуга чейин кызыктырып келет. Аргумент кж редакциябыз жакынкы арада бул чындык эмне тууралуу экендиги сиздер менен бөлүшөбүз.

Булак: Аргумент.кж

Аргумент.kg