Саясат

Илим Карыпбеков: “Жаңы парламент мурдагыдай күпүлдөгөн министрлерди чакырып алып, ишенбөөчүлүк көрсөтө албайт”

Жогорку Кеңештин депутаттарынын укуктары мурдагыдай болбойт. Алар эскиси сыяктуу күпүлдөй албайт. Мындай пикирин Илим Карыпбеков “НТС” каналынын эфиринде билдирди.

Анын айтымында, жаңы парламент азыркыга караганда башкача болот.

“Парламенттин депутаттарынын саны азайган менен сапаты мурдагыдай эле болот. Бирок оппозициялык партиялар келсе, алар трибунаны сүйлөөчү аянт катары колдонот. Эми мурдагыдай күпүлдөгөн министрлерди чакырып алып, ишенбөөчүлүк көрсөтө албайт, андай функциясы жок. Мындар ары болгону мыйзам чыгаруу милдети менен алектенет”,-дейт Илим Карыпбеков.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *