Кыргыз деп соккон жүрөк ыйлады…
****
Айсулуу алтын карындашым!
Шолкулдап ызаңа чыдай албай көз жашыңды агызып экинчи тепкичте турдуң. Жапон өлкөсү деген улуу өлкөнүн жанында биздин кызыл түстөгү желегибизде алтын түндүгүбүз желбиреп сени карап рахматын айта албай турду. Бүт өлкө, бүтүн кыргызмын деген жүрөк сени карап согуп турду. Сен токтобой ыйлап аттың….сени менен бирге кыргыз деп соккон жүрөк ыйлап турду.
*****
Алтын карындаш! Бул ый сенин алсыздыгың эмес. Бул ый эгемендүү мамлекетибиздин тарыхы. Бул ый мамлекеттин спорт системасынын кыйрагандыгы боюнча билдирүү. Бул ый коррупция менен мамлекеттин чырмалышкандыгы жөнүндө баяндама. Бул ый таалимсиз дөдөй чиновниктер канатыңды чычырканактай чырмап алып учурбай жатканы тууралуу кайрылуу. Бул ый биздин шордуу оңолбос жашообуз жөнүндө. Бул ый сага биз татыктуу тирек, жөлөк, өбөк боло албаганыбыздын белгиси. Башкалар олимпиаданын медалдарына миллиарддаган долларларды жумшап барып жатышса, сен машыктыруучуң экөөң ушул жүктү жана бүт кыргыз элин көтөрүп алып урунуп, жулунуп, өжөрлөнүп кыргыздын намысын тытынып, тиштенип “жылаңач баатыр” болуп коргоп бердиңер.
*****
Сага сен эбегейсиз бийиктике көтөрткөн кыргыз желеги ыраазы! Кыргыз деп соккон жүрөк ыраазы! Кыргызстаным деген тизе бүгүлүп таазим этет! Рахмат алтын карындашым! Ыйлаба алтын карындашым! Сен биздин сыймыгыбызсың! Сен биздин татыктуу тарыхыбызсың! Буйруса эмки олимпиада сени күтөт, дагы деле кеч эмес.
*****
Аман кайтып келгиле биздин эр азамат улан кыздарыбыз! Биздин баатырларыбыз!