Икрам менен Алмамбеттен кыйын болуп кеткен Каныбек Туманбаевдин таскагы

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кыска аралыкта президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев таасирдүү фигурага айланды. Администрациядагы колдоочуларынын айтымына караганда, Камчыбек Ташиевден кийинки үчүнчү орунга чыгыптыр. Ушул таризде сыймыктанышууда. Ар дайым президенттин жанында жүрүп, дээрлик иштерди чечүүдө. Ооба, мамлекеттик деңгээлдеги маселелерди калчап калды. Бул жагы эч кимге жашыруун эмес. Убагында Алмазбек Атамбаевдин шопуру Икрам Илмиянов, Сооронбай Жээнбековдун коштоочусу Алмамбет Салиев да мындай ишенимге кирбептир. Каныбек Туманбаев күнү-түнү ажонун жанынан орун алып, оң колуна айланган кербези. Биз финансылык чатактар боюнча жаза элекпиз. Ошондо мамлекетти Каныбек Туманбаев бийлеп атабы? Бул жагынан аркалыктар эмне дейт? Дээрлик катмар копшолуп, таасирдүү сөз айтышса керек…

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg