Икрам Илмияновду айрым лөк саясатчылар менен “каралар” издеп атышабы?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Атамбаев бийлигинин тушунда шопур Икрам Илмиянов мамлекетти каалагандай калчап, дөөгүрсүп жашап калбады беле?! Сокенин бийлиги кезинде камалымыш этип, 150 миң доллар “кусуп”, жеңил-желпи жазадан кутулуп кеткен. Эл көзүн будамайлап. Бул дүйнөдө көп адамдарга кылган жамандыгы аркы дүйнөгө чейин эле талданып, баа берилери шексиз да. Учурда Икрамды айрым лөк саясатчылар өткөн чакты териштирүү үчүн издеп атышса, кылмыш дүйнөсүндөгү олуттуу фигуралар да ээн жерге тартуу менен “сүйлөшүүгө” кызыкдарбы? Кутулбас куяга калгандай. Анда-санда той-ашка башбага калган шопур соңку кездери жүрөгү титереп, баскан изин жашырып, “куйругун түйүп” качкандай. Ооба, артынан аңдыгандар пайда болсо, мындай жашоонун өзү кыяматтай сезилсе керек. Кыскасы, бул Икрам Илмияновдун “ириген” жашоосунан бир үзүм го…

“Азия Ньюс” гезити

Аргумент.kg