ИИМдин көчмө кабылдамасы арыздарды тез карайт

ИИМдин көчмө кабылдамасы арыздарды тез карайт

17-кулжа, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Ысык-Көл районунун Бостери айылында ИИМдин көчмө кабылдамасынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында эки күндүк координациялык кеңешме өтүүдө. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди. Иш-чара ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин, милициянын көчмө кабылдамаларынын ишин колдоо боюнча Ассоциациянын, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын колдоосу менен уюштурулду.

Иш-чарага ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин аскердик-саясий департаментинин жетекчиси Александр Елисеев, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин полиция маселелери боюнча кеңешчиси Константин Бедарев, ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы Таалай Алижанов, Ысык-Көл милициясынын бөлүмдөрүнүн башчылары, республиканын милициянын көчмө кабылдамаларынын иши боюнча ассоциациянын өкүлдөрү катышты.

Кеңешменин модератору- милициянын көчө кабылдамасын колдоо ассоциациясынын директору, экономика илимдеринин кандидаты, доцент Шамшыбек Мамыров болду.

Координациялык кеңешменин катышуучулары көчмө кабылдамалардын ишин, Кыргыз Республикасынын ИИМдин КККнын милициянын көчмө кабылдамасынын мониторинг борборунун ишмердүүлүгүн талкуулашты. Мындан тышкары, Ысык-Көл РИИБдин милициянын көчмө кабылдамасынын ишинин бет ачары болду.

Чогулгандардын алдында, «12 жылдан ашуун убакыттан бери, республиканын көчөлөрүндө кылмыштуулук менен күрөшүүгө Кыргыз милиция кызматкерлерине көчмө кабылдамалар жардам берип келет. Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун «Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарын реформалоо» Программасын ишке ашыруу алкагында, 2011-жылдан баштап,
«Коомдук коопсуздук демилгеси» долбоору ишке киргизилген. Бул долбоорунун негизги максаттарынын бири- бул коомчулук үчүн милицияны жеткиликтүү кылуу болуп саналат»- деди, Шамшыбек Мамыров.

«Көчмө кабылдамалардын негизги милдети – коомдун коопсуздук деңгээлин жогорулатуу, ишенимдүү мамилелерди орнотуу, калк менен кызматташууну жөнгө салуу саналат. Мындан тышкары, кабылдамалар Кылмыштардын жана укук бузуулардын алдын алууда чоң натыйжалуулукту көрсөтүштү. Бүгүнкү күндө республиканын аймагында ИИОнын ШРИИБдө 58 милициянын көчмө кабылдамалары
иш алып барып жатышат. Анын ичинен ЕККУ Бишкектеги программалык офиси тарабынан берилгени автоунаалар — 45, КР ИИМдин тарабынан берилген автоуналар — 13»- деп, белгиледи Ассоциациянын директору.

Талкуунун жүрүшүндө ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин аскердик-саясий департаментинин жетекчиси Александр Елисеев, үч жылдан бери милициянын кабыл алуу пункттарынын ишин жакшыртууга багытталган Координациялык кеңешмелер өткөрүлүп жатканын жана биринчи эки кеңешме Бишкек жана Ош шаарларында өткөнүн баса белгиледи.

«Бүгүн жемиштүү талкуу болот деп ишенем, биз Азия өлкөлөрүнө үлгү болуу үчүн тажрыйба, идея алмашып, мындан аркы өнүгүү стратегиясын иштеп чыгабыз. Белгилей кетсем, Милициянын көчмө кабылдамасы ЕККУ колдогон долбоорду жетектейт. ЕККУнун башкы катчысы Хельга Шмидт Кыргыз Республикасына келгенден кийин, милициянын көчмө кабылдама долбоору — бул жакшы тажрыйба жана олуттуу жетишкендик экендиги белгиленди.

Биз үчүн эң маанилүү маселе — Кыргызстан элинин муктаждыктары жана коом менен өз ара аракеттенүү. Жарандардын милицияга болгон ишеним деңгээлин жогорулатуунун үстүндө чоң иштер жүргүзүлүүдө жана азыркы күнү статистика өсүүнү көрсөтүп турат»- деди , Александр Елисеев.

Белгилей кетсек, милициянын көчмө кабылдамалары графиктин негизинде алыскы аймактарга, өрөөндөргө, калктуу конуштарга барып элге сервистик тейлөө көрсөтүп, жарандардын арыз даттанууларын жана кайрылууларын кабыл алып, жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт.

2023-жылдын бүгүнкү күнүнө чейин көчмө кабылдамаларга 5845 жаран кайрылса, милициянын кабыл алуу пункттары 2716 сапарга чыгып, 3875 арыз жана кайрылуу кабыл алынган, 324 коомдук коопсуздукка байланыштуу. Жер-жерлерде 3010 юридикалык консультация өткөрүлдү. Өз алдынча башкаруу органдарына 318 кайрылуу, мамлекеттик органдарга 223 кайрылуу жөнөтүлүп, 120 арыз кылмыштардын бирдиктүү реестрына катталды, мыйзам бузуулар боюнча 558 протокол түзүлүп, кылмыштардын жана укук бузуулардын бирдиктүү реестрине катталган.

Көп учурда кабылдамалардын иши социалдык жактан багытталган, ошондуктан экипаждын курамына атайын даярдыктан өткөн милиционерлер гана эмес, коомдук алдын алуу борборлорунун өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери да кирет. Бул кылмыштуулуктун деңгээлин төмөндөтүү жана укук бузуулардын, анын ичинде жашы жете электердин арасында үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча натыйжалуу курал болуп саналат.